搜索
热搜: music
门户 Culture Language view content

Араб жазмасы

2015-6-20 23:22| view publisher: amanda| views: 4357| wiki(57883.com) 0 : 0

description: Арап (араб) жазмасы - Батыш Азияда, Түндүк Африкада жана калкы ислам дининин кайсы бир агымына табынган элдер ...
Арап (араб) жазмасы - Батыш Азияда, Түндүк Африкада жана калкы ислам дининин кайсы бир агымына табынган элдер өздөрү үчүн реформалап алган, дүйнөдө кеңири таралган жазуунун бир түрү. Сызык түрүндөгү алфавиттик жазуулардын бир түрү. Оңдон солго жазылат.

Кыскача таржымакалы

Азияда жана Түндүк Африкада кеңири таралган жазуунун бир түрү. Биздин замандын 4-кылымына чейин Аравияда байыркы арамей алфавит жазмасынын негизинде пайда болгон.

28 тамгадан турат, алардын ичинен 3 тамга үндүү, калганы үнсүз. Тамгалары өз алдынча турушуна, сөз башында, сөз ортосунда же сөз аягында келишине жараша эки же төрт түрдүү болуп, оңдон солго карай жазылат жана окулат.

Араб жазуусу СССРдеги түрк элдеринде латын алфавитине өткөнгө чейин (1926-28-жж чейин) колдонулган. Мындан сырткары, Индонезия, Иран, Ооганстан, Түркия, Малайзия өңдүү өлкөлөрдүн калктары да араб жазмасын пайдаланышат.
Кыргыздардын араб жазмасы

Кыргыздардын Теңир-Тоодогу бөлүгү 10-кылымдан тартып араб жазмасын өздөштүргөн.

Энесайдагы Кыргыз каганаты болсо 7-12-кылымдарда руна сымал орхон-энесай жазмасынын кыргыз түрүн колдонгон.

Кыргыздар араб жазмасында ар кыл чыгармаларын жарыялагандыгы белгилүү (Эшеенаалы Арабаевдин, Молдо Кылыч Шамыркан уулунун, Осмонаалы Сыдыковдун, ж.б. калеминен жаралган китептер падышалык Орусияда 1917-жылкы Феврал ыңкылабына чейин эле жарык көрүшкөн.

1924-жылы 7-ноябрда кыргыздын “Эркин Тоо” аттуу туңгуч гезитинин алгачкы саны да араб жазмасында кыргызча жарык көргөн, бул алфавитте 1924-1928-жж. жарыяланып турган.

Кытайлык кыргыздар азыркыга чейин араб жазмасын колдонуп келишет.

About us|Jobs|Help|Disclaimer|Advertising services|Contact us|Sign in|Website map|Search|

GMT+8, 2015-9-11 20:14 , Processed in 0.159586 second(s), 16 queries .

57883.com service for you! X3.1

返回顶部